Ат-Башыда балалуу жесир аялга 9 жердеши там салып берди

© Фото / Майрамбек БайышовНарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында бир уруунун балдары жалгыз бой келинге үй салып беришти
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында бир уруунун балдары жалгыз бой келинге үй салып беришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы үйлүү болгон келиндин үч жыл мурда жолдошу каза болуп калган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында бир уруунун балдары жалгыз бой келинге үй салып беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл тургуну Майрамбек Байышов билдирди.

© Фото / Майрамбек БайышовПостройка дома для матери одиночки в селе Казыбек Ат-Башинского района Нарынской области
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында бир уруунун балдары жалгыз бой келинге үй салып беришти - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында бир уруунун балдары жалгыз бой келинге үй салып беришти
© Фото / Майрамбек БайышовПостройка дома для матери одиночки в селе Казыбек Ат-Башинского района Нарынской области
Чакан үйдү курууга баш-аягы 400 миң сомго чукул каражат кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Чакан үйдү курууга баш-аягы 400 миң сомго чукул каражат кеткен
© Фото / Майрамбек БайышовПостройка дома для матери одиночки в селе Казыбек Ат-Башинского района Нарынской области
Эркектери тамды ашар жолу менен курса, аялдары ичин актап-сырдап берген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Эркектери тамды ашар жолу менен курса, аялдары ичин актап-сырдап берген.
1/3
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айылында бир уруунун балдары жалгыз бой келинге үй салып беришти
2/3
Чакан үйдү курууга баш-аягы 400 миң сомго чукул каражат кеткен
3/3
Эркектери тамды ашар жолу менен курса, аялдары ичин актап-сырдап берген.

Анын айтымында, жаңы үйлүү болгон келиндин үч жыл мурда жолдошу каза болуп калган.

"Үй салып берген тогуз бала бир уруудан болобуз. Жеңенин жолдошу бизге тууган эле. Буга чейин үй-бүлөсү менен тоого чыгып, мал бакчу. Ал киши каза болуп калгандан кийин жубайы балдары менен айылга келип ар кимдин үйүндө баш калкалап жүрдү. Байкебиздин ордун жоктотпой кайрымдуу иш кылалы деп там салып берүүнү чечтик. Үч бөлмөлүү үй эки айга жетпей салынды, ичинен бери жасалгалап берип жаңы эле киргиздик", — деди Байышов.

Чакан үйдү курууга баш-аягы 400 миң сомго чукул каражат кеткен. Эркектери тамды ашар жолу менен курса, аялдары ичин актап-сырдап берген.

Үй куруп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы
Төрт бала менен жалгыз калган 34 жаштагы Мээрим Абдыжапарова жаңы өргөлүү болуп, кубанычы койнуна батпай жаткан кези. Туугандарынын бул белеги ал үчүн күтүүсүз болгонун айтты.

"Жолдошумдун көзү өткөндө төрт балам менен ар кайсы бош үйлөрдү батир кылып баш калкалап жүрдүк. Батирдин акчасын айылдагы тигүү цехте иштеп таап берчүмүн. Бирок бөйрөгүм шишип кеткендиктен жумуштан чыгууга туура келди. Балдарым чоңоюп келе жатканда үйүбүз жок деп сарсанаа болчу элем, кудай кур калтырган жок. Мен үчүн күтүүсүз белек болду. Балдарга ыраазыбыз", — деди Абдыжапарова.

Жалгыз бой келиндин улуу кызы 11-класс болсо, кичүүсү үч жашта экен. Үй-бүлө азыр жаңы үйдө жашап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0