БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жеңил тик учак Нью-Йорк шаарындагы 54 кабаттуу имараттын чатырына кулап түшүп, учкучу курман болгон. Бул туурасында newyork.cbslocal.com жазды.
Кырсыктуу окуя дүйшөмбү күнү түш ченде, жамгыр жаап, туман каптап турган учурда болгон. Трагедиянын алдында учкуч жердегилерге жаралган маселе жөнүндө маалымат берген.
Анын видеого түшүп калган акыркы мүнөттөрүндө тик учакты башкара албай жаткандай көрүнүп турат.
BREAKING: VIDEO SHOWS HELICOPTER FLYING ERRATICALLY MOMENTS BEFORE CRASHING IN MANHATTAN #NewYork #Manhatten pic.twitter.com/dtYd7D2SSv
— Breaking News (@7billionpeoples) 10 июня 2019 г.
Кырсык болгон жерге 100 куткаруучу барган. Каза тапкан Тим МакКормактын 15 жылдык тажрыйбасы бар экендиги, буга чейин Өрт өчүрүү департаментинде эмгектенгени айтылды.
Нью-Йорктун мэри Билл Де Блазио тик учактын кулашы теракт эместигин айтты.
Кулаган Agusta АW109 Hirundo / AW109 Power / Grand / Grand New көп максаттуу жеңил техникалардын катарына кирет. Аны "Агуста" фирмасы 1960-жылдары долбоорлогон.