БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча россиялык мушкер Мовлид Хайбулаев АКШлык атаандашын көз ачып жумгуча бүк түшүрдү. Таймаштын видеосу иш-чаранын Twitter баракчасына жүктөлдү.
10 seconds of perfection - the fastest stoppage in PFL history! Movlid Khaybulaev moves to 14-0. Khaybulaev earns 6 points with the 1st Round KO #PFLmma #PFL2 pic.twitter.com/w2bnIsHJH5
— #PFLmma (@ProFightLeague) 24 мая 2019 г.
Нью-Йорк шаарында өткөн PFL 2 мелдешинде россиялык спортчуга мурдагы UFC чемпиону Дэймон Жексон атаандаш болгон.
Хайбулаев рингге чыгары менен секирип барып, америкалыкка тизеси менен бир тийген. Жыйынтыгында ал кулап түшкөн. Мелдештин башталганына 10 гана секунд болгон.
"Бул PFL мелдешинин тарыхында эң тез нокаут болду", — деп айткан уюштуруучулар.
29 жаштагы Хайбулаев үчүн бул карьерасындагы 13-жеңиш.