БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ош шаарында дарак бутап жаткан крандын көтөргүчү сынып, эки киши жабыркаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактагы кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 22-май күнү болжол менен саат 15.00дөрдө Алишер Навои атындагы паркта болгон.
Жабыркагандар ооруканага жаткырылды.