БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эл өкүлү Ирина Карамушкина аны депутаттар 55 жылдык юбилейи менен куттуктабаганына таарынып, өз дооматын төрага Дастан Жумабековго айтты.
Жыйын башталган учурда төрага Жумабеков депутат Каныбек Иманалиев 50 жашка чыкканын айтып, жалпы депутаттардын атынан куттук айтып, чакан белек тапшырган болчу.
Ал эми депутат Ирина Карамушкина ал 55 жашка толгондо төрага жалпы депутаттардын атынан куттук айтпаганын белгиледи.
"55 жашка чыкканда юбилейим менен куттуктаган эмессиңер. Бул депутатка ушундай боло берет дедиңизби? Түшүнбөйм", — деди Карамушкина.
Ал мындай мамилени такай байкай турганын кошумчалады.
Төрага Дастан Жумабеков бул маселени тактай турганын айтып, Карамушкинаны жоошутту.