Суталинов Мурат Абдыбекович — өмүр баяны

© AFP / STRЭкс-председатель СНБ Мурат Суталинов
Экс-председатель СНБ Мурат Суталинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурат Суталинов 1963-жылы Чүй облусунда туулган. Атасы Абдыбек Суталинов учурунда ички иштер министри жана Бишкек шаарынын аткаруучу комитетинин башчысы болгон.

Билими:

1984 — Караганда шаарындагы ИИМдин Жогорку мектебинде билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1984 – 1986 — Кыргыз ССРинин Чүй облусунун Аламүдүн районунда тергөөчү;
  • 1986 – 1987 — Казак ССРинин Алма-Ата облусунун Каскелең районунда тергөөчү;
  • 1987 – 1989 — Фрунзе шаарынын Ленин РИИБинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери;
  • 1989 – 1991 — Фрунзе шаарынын Ленин РИИБинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу ага кызматкери;
  • 1991 – 1993 — Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 1993 – 1996 — Бишкектеги Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары;
  • 1996 – 2000 — ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана кескиликке каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2000 – 2001 — Бишкек ШИИБинин жетекчисинин орун басары;
  • 2001 – 2002 — Чүй ОИИБдин жетекчиси;
  • 2002 – 2003 — ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2003 – 2004 — Ош ОИИБинин жетекчиси;
  • 2004 – 2005 — КР президент аппаратынын коргоо жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • 2005-жылы 23-мартта КР башкы прокурору болуп дайындалган. Бирок кийинки күнү "Жоогазын революциясы" болуп, кызматтан алынган;
  • 2005 – 2006 — КР ички иштер министри;
  • 2006 – 2010 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы;
  • Суталинов 2010-жылдагы 7-апрель окуяларында жарандардын окко учушу боюнча негизги фигурант катары өтүп жаткан. Жогорку сот аны 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. 2012-жылы анын рак илдети бар экени аныкталып, оң бөйрөгү алынган. 2018-жылы ден соолугу кескин начарлап кеткен.

2019-жылы Ленин райондук соту адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырбай, Суталиновду камакта калтырган. Жактоочулар бул чечимди Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Шаардык сот 2019-жылы 7-майда аны сот залынан бошоткон

Жаңылыктар түрмөгү
0