"Манас" аэропортунда жанын кыюуга аракет жасаган кишини кармоо учуру видеодо

Жазылуу
Авиакомпаниялардын биринин кызматкери Бишкектен Стамбулга учмакчы болгон кишини жөнсүз жосуну үчүн учакка түшүрбөй койгон.

БИШКЕК, 6 май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда суицид жасоого аракет жасаган Россиянын жаранын кармоо учуру тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Кадрдан укук коргоочулар жарандын колуна кишен салып алып баратканын көрүүгө болот. Окуянын чоо-жайы териштирилет.

Мындай көрүнүш 3-май күнү болгон. Авиакомпаниялардын биринин кызматкери Бишкектен Стамбулга учмакчы болгон кишини жөнсүз жосуну үчүн учакка түшүрбөй койгону, андан кийин ал адам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0