Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жүзүпбековдун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков. Архив
Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан Үзүр Жүзүпбековдун жылдызы жанып турган чагы. Ал жакында эле Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери Азия чемпионатында 22-чи алтын байгеге ээ болуп жатат.

Үзүр Жусупбеков элге эми гана таанылып келе жаткандыктан ал тууралуу билгендер аздыр. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги балбан менен маек куруп, үй-бүлөсү, спорттук жолу жана ой-тилектери тууралуу сүйлөштү.

© Фото / из личного архива Узура ЖусупбековаАзия чемпиону Үзүр Жусупбеков: ата-энем мал чарбачылыгы менен алек. Беш эркек бир туугандын улуусумун.
Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жусупбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков: ата-энем мал чарбачылыгы менен алек. Беш эркек бир туугандын улуусумун.

— Үзүр, алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз?

— 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жарык дүйнөгө келгем. Кийинчерээк туугандарыбыз жашаган Жон-Арык айылына көчүп барып, мектепти ошол жактан аяктадым. Ага чейин беш жыл Талас шаарында окугам. Ата-энем мал чарбачылыгы менен алектенишет. Беш эркек бир туугандын улуусумун.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dzhuzupbekov (@the.uzya.team)

— Спорт менен канча жашыңыздан тарта алектенип келесиз? Машыктыруучуларыңыз тууралуу да айта кетсеңиз.

— Спортко болгон кызыгуума дос балдарым себепкер. Алардын машыкканын көрүп мен да 13 жашымда күрөшкө бардым. Ал кезде жумасына үч гана жолу машыккандыктан мелдештерге көп катышкан жокмун. Биринчи машыктыруучум Аязбек деген агай болду. Таласта 9-класска чейин машыгып, андан ары Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык окуу жайга тапшырдым. Учурда Раатбек Мамбетовдун колунда тарбияланам.

© пресс-служба ГАМФКиСҮзүр Жусупбеков Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын байге утту.
Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жусупбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Үзүр Жусупбеков Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын байге утту.

— Күрөштөгү чоң ийгиликтериңиз тууралуу кеп салсаңыз, жалпысынан канча чемпионатка катыштыңыз?

— Мен борборго келгенде өсө баштадым. 17 жашка чейинки кадеттер арасында өлкө чемпионатын утуп, Улан-Батордо өткөн Азия чемпионатында коло байге алдым. Андан кийин жаштар арасында КРдин биринчилигин утуп, Азия чемпионатында дагы коло байге тагындым. Кийинки жылы дагы Азиядан үчүнчү орунду алып калдым. Кайра-кайра эле үчүнчү боло беремби деп кейидим. 2016-жылы өзүмдүн салмагым 100 килограмм болгонуна карабай 120 килограмм салмакта Азия чемпионатына катышып, алтын байге утуп алдым. Ал жактан балдарымдын бардыгы 2-3-орундарды алганда, мен чемпион болуп абдан сүйүнгөм. Желегибиз бийик көтөрүлүп, гимн жаңырган. Ошондой эле дүйнө чемпионатынан жетинчи орунду алгам. Ошол эле жылы чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан үчүнчү орунду алдым. 2017-жылы Ислам тилектештик оюндарында жана Түркмөнстандагы Азия оюндарында күмүш медаль тагындым. 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында үчүнчү болдум, Жакартадагы Азия оюндарында коло алдым. Кечке эле 2-3 орунду ала беремби, качан чемпион болом дечүмүн. Анан өзүмө 2019-жылы алтын байге утам деп максат койгом. Тилегим соңку Азия чемпионатында орундалды.

© REUTERS / Issei KatoЖусупбеков: кечке эле 2-3 орунду ала беремби, качан чемпион болом дечүмүн.
Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жусупбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Жусупбеков: кечке эле 2-3 орунду ала беремби, качан чемпион болом дечүмүн.

— Ошол учурдагы сезимдер менен бөлүшө кетсеңиз.

— Бул мелдешке жакшы даярдандым, агайларым курама команданы бир нече ирет машыгуудан өткөрдү. Алгач казак балбаны Алимхан Сыздыков менен чыктым. Аны сөзсүз утушум керек эле, мурда жаштар арасында күрөшүп жүргөндө жеңилип калгам. Ойлогондой эле 3:6 эсебинде уттум. Жарым финалда тажрыйбалуу жана күчтүү иран балбаны Махди Аббаска туш келдим. Ал Азия чемпионатын бир нече ирет утуп, дүйнө чемпионатынан үчүнчү орунду алган. Ага дагы былтыр Азия оюндарынын алкагында утулуп калгам. Мында мен 5:7 эсебинде уттум. Финалда өзбек балбаны Жахонгир Турдиев менен жолуктум, бул балбанды былтыр Азия оюндарында 2:0 эсебинде жеңгем. Калыстар тобу өзбекстандыктар болгондуктан атаандашка тартып, айрым упайларымды кошпой жатышты. Айыгышкан кармашта Турдиевди 3:2 эсебинде жеңип алдым. Ичимден аябай сүйүндүм. Бирок "утам" деп өзүмдү даярдап алгандыктан көп толкунданган жокмун. Кытайда гимнибиз жаңырып, желегибиз бийик көтөрүлгөн учурдагы сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Машыктыруучулар да абдан ыраазы болушту.

© Фото / unitedworldwrestling / Sachiko HotakaБалбан: спортко болгон кызыгуума дос балдарым себепкер. Алардын машыкканын көрүп мен да 13 жашымда күрөшкө бардым.
Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жусупбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Балбан: спортко болгон кызыгуума дос балдарым себепкер. Алардын машыкканын көрүп мен да 13 жашымда күрөшкө бардым.

— Ата-энеңиз сиз менен абдан сыймыктанса керек?

— Атам мелдешке жөнөтүп жатканда: "Үзүр, мен сага ишенем",- деп айткан. Буга чейинки чемпионаттарга барарда тынчсызданчу эле, ушунда абдан үмүт артып ишенди. Алтын утканымда: "Мен сага чемпион болосуң деп айтпадым беле",- деп куттуктады. Апам болсо көзүнө жаш алып абдан сүйүнүптүр.

— Айылга барганда кандай тосуп алышты?

— Таластан балбандар көп чыгат. Менден дагы күчтүү ага-инилерим бар. Бирок биздикилер башка облустардагыдай шаан-шөкөткө жок. Кадимкидей эле үйдөгүлөр туугандар менен тосуп алышты.

© Фото / unitedworldwrestling / Sachiko HotakaҮзүр Жусупбеков: алдыма бийик максаттарды коюп, чекесинен жетип келе жатам. Өзүм жөнүндө спорттогу он гүлүмдүн бири гана ачылды деп айтат элем.
Деги качан алтын утам деп кейичүмүн... Азия чемпиону Үзүр Жусупбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Үзүр Жусупбеков: алдыма бийик максаттарды коюп, чекесинен жетип келе жатам. Өзүм жөнүндө спорттогу он гүлүмдүн бири гана ачылды деп айтат элем.

— Бардык эле спортчу сыяктуу максатыңыз Олимпиада оюндарында ийгилик жаратуу болсо керек. Быйылкы жылдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Ооба, Олимпиада оюндарында ийгилик жараткым келет. Алдыма бийик максаттарды коюп, чекесинен жетип келе жатам. Өзүм жөнүндө спорттогу он гүлүмдүн бири гана ачылды деп айтат элем. Алдыда көп турнирлер жана машыгуулар бар. Быйылкы жылдагы эң маанилүүсү - Нур-Султан шаарында өтө турчу дүйнө чемпионаты.

— Кайсы кесиптин ээси болосуз? Иштегенге деле убакыт болбосо керек, мамлекет тараптан кандай колдоо болуп жатат?

— Юридикалык академиядан алган бакалавр дипломум бар. Быйыл магистратураны бүтөм. Кошумча иштебейм, мамлекеттен 30 миң сом стипендия алам.

Жаңылыктар түрмөгү
0