"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында өрт чыкты. Видео

Жазылуу
Кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 14.55те түшкөн.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" жаңы конушунда курулуп жаткан үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, "Ала-Арча" конушунда жаңы салынып жаткан имараттан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү өрт өчүрүү кызматына саат 14.55те түшкөн. Жерине эки бөлүм жиберилген.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары өрт "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын 5-посту тараптан чыкканын айтып, Sputnik Кыргызстандын Telegram каналына алыстан тартылган видеону жиберишти.

Кадрларда көрүнүп тургайдай, өрт чыкты деп болжолдонгон аймактан кара түтүн чыгып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0