Банкоматтардан 9 млн. сом уурдап кетти делген эки кишиге соттун чечими чыкты

© Фото / пресс-служба МВДЗадержание подозреваемых во взломах банкоматов
Задержание подозреваемых во взломах банкоматов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Оштогу банкоматтарды тоногондугу белгилүү болду.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы банкоматтардан жалпы жонунан 9 миллион сом уурдап кетти деген шек менен кармалган эки киши Араван райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, шектүүлөр Араван райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, кылмыш Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында өткөн жылдын декабрынан быйылкы жылдын апрелине чейин жасалып келген. 9 миллион сомдук зыян келтирди делген топтун мүчөлөрү 23-апрелде колго түшүрүлдү.

Бишкекте кармалган 30 жаштагы шектүүнүн унаасынан 990 000 сом табылган. Анын буга чейин соттолуп чыкканы маалым болду. Ал эми 34 жаштагы экинчи шектүү атайын операциянын натыйжасында Кара-Балтадан колго түшүрүлгөн.

"Шектүү жигиттердин жашаган турак жайын тинтүүдө атайын кызматтар пайдаланган баасы 280 миң рублдик жабдуу, эки даана ноутбук, ок атуучу курал, аталган кылмыш ишин жасаган учурда кийген кийимдери жана башка буюмдар алынган", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин маалыматы боюнча кармалгандардын төмөнкү кылмыштарга да түз тиешеси бар:

2018-жылдын 12-декабрына караган түнү белгисиз адамдар Таластагы жергиликтүү бийлик отурган имаратка кирип, сейфти талкалап 31 миң сом алып кетишкен. Аны менен бирге "Бакай Банк" ААКка тиешелүү банкоматтын арт жагын ачып, 801 миң сомду уурдап кетишкен;

2019-жылдын 2-февралында Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы "РСК Банк" ААКтын банкоматын алып кетүүгө аракет кылышкан (келтирилген зыян болжол менен миллион сомго чамалап барат);

10-февралдын түнүндө Ош облусунун Араван районунда кинотеатрдын дубалына бекитилген "Кыргызстан" коммерциялык банкы" ААКтын банкоматын талкалап, 900 миң сом алып кетишкен;

3-мартта Ош шаарындагы филармонияда орнотулган "Кыргызстан" коммерциялык банкы" ААКтын банкоматын талкалап, 1,5 миллион сомдон ашуун акча алып кетишкен;

12-апрелге караган түнү Нарын драма театрына коюлган "Кыргызстан" коммерциялык банкы" ААКтын банкоматын талкалап, 2,4 миллион сомду уурдап кетишсе, ошол эле маалда KICB ЖЧКсынын банкоматынан 350 миң сом алып кетишкен.

Ушу тапта укук коргоо органдары дагы эки кишини издеп жатат:

О.С., Чүй облусунун Жайыл районунда 1991-жылы 12-апрелде туулган, буга чейин бир нече ирет соттолгон;

Ж.К., Чүй облусунун Жайыл районунда 1988-жылы 11-мартта туулган, буга чейин бир жолу соттолгон.

Милиция изделип жаткандар тууралуу кабары барлардан (0312) 26-62-61, (0558) 91-91-99, (0704) 82-48-80 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0