БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарында турак жай өрттөнүп, анын кесепетинен 70 жаштагы үй ээси каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 50 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кеткен.
Ушу тапта өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.