Борбор калаада дуатлон боюнча мелдеш өтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүXXIV Сибирский международный марафон
XXIV Сибирский международный марафон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда катышуучулар жаш курагына жараша түрдүү аралыкта ат салышат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте дуатлон боюнча мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу Триатлон федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 28-апрель күнү өткөрүлөт. Анда чоңдор беш чакырым чуркап, 20 чакырым велосипед тээп, кайра 2,5 чакырымды жөө басып өтүшөт. Өспүрүмдөр 2,5-1,25 чакырымга чуркап, сегиз чакырым аралыкты велосипед менен багындырат.

Мелдешти Nomad Sport уюму менен Триатлон федерациясы уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0