КР студенттери медициналык даярдык боюнча РФтеги олимпиадада алдыңкы болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековIV фестиваль образования в КГМА в столице
IV фестиваль образования в КГМА в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыл таймашына ар кайсы өлкөдөн жалпы 55 команда катышкан.

БИШКЕК, 9-апр.— Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринен турган "Ак кеме" командасы практикалык-медициналык даярдык боюнча россиялык VII "Золотой Медскилл" олимпиадасында "Креативдүү ой жүгүртүү" номинациясын жеңип алышты. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Команданын курамына медициналык академиянын 5-6- курсунда окуган студенттер кирген. Москвада өткөн акыл таймашына ар кайсы өлкөдөн жалпы 55 команда катышкан.

"Беш сааттын ичинде командалар бир станциядан экинчи станцияга барып, ар кандай кырдаал боюнча тапшырмаларды аткарышты", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, студенттер алты окутуучу мастер-класстан да өтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0