Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрель, жума күнү, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: бул аптада үшүк жүрүп, суу капташы мүмкүн
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй жергесинде +13...+18, Таласта +12... +17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14..+19, ал эми Ысык-Көлдө +11 ...+16, Нарын өрөөнүндө +10...+15 градус жылуу болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +16...+18 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0