БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 2-апрелден тарта борбор калаадагы Токтогул көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Шевченкого чейинки бөлүгү жабыла турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай кадам жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жасалууда.
Реконструкция үстүбүздөгү жылдын 30-майына чейин уланмакчы.