Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
2-апрелде күндүз күн ачык болот.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 2-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас облусунда +13…+15 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +11…+13 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +15…+17 градуска көтөрүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +15…+17, Бишкекте +16…+18 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0