Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук

© Фото / Азамат АлымкуловОшский баскетбольный клуб "Номад"
Ошский баскетбольный клуб Номад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай көрүнүш кинодо гана болсо керек. Ош шаарында бир жыл мурун куралган "Номад" баскетбол клубу алгачкы сезонунда эле чемпиондукка жетишти.

Ош шаарында өткөн жылы апрелде түптөлгөн "Номад" баскетбол клубу Кыргызстандын Биринчи лигасында жеңүүчү аталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен жаш команданын оюнчусу Азамат Алымкулов менен клубдун түптөлүшү, алгачкы сезондун жыйынтыгы жана өлкөдөгү спорттун бул түрүнүн абалы тууралуу баарлашты.

© Фото / Азамат Алымкулов"Номад" баскетбол клубунун оюнчусу Азамат Алымкулов
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук - Sputnik Кыргызстан
"Номад" баскетбол клубунун оюнчусу Азамат Алымкулов

— Азамат, алгач "Номад" баскетбол клубунун түптөлүшү тууралуу айта кетсеңиз?

— "Номад" - түптөлгөнүнө бир жыл боло элек жаш команда. Башында 5-6 дос балдар топтолуп, жөн эле ойноп жүрчүбүз. Баарыбыз отуздан өткөн, ар кандай кызматтарда иштеген адамдарбыз. Бизде футбол өтө популярдуу болгондуктан, баскетбол үчүн аянт табуу кыйынчылык жаратты. Алгач Ош мамлекеттик университетинин сырткы аянтында ойноп баштадык. Кийинчерээк жабык жерде ойнойлу деп бир мектептен зал таптык. Ошентип ойноп жүрүп, бир нече убакыт өткөндөн кийин баскетбол сүйүүчүлөрүнөн куралган туруктуу командабыз пайда болду.

— Кыргызстандын экинчи чемпионаты болгон Биринчи лигага кантип катышып калдыңыздар?

— Бир досубуз Баскетбол федерациясынын расмий өкүлдүгүнө дайындалды. Анын артынан биз да федерация менен тыгыз байланышта болуп калдык. Алар бизди өлкөнүн негизги турнири болгон Жогорку лигага чакырышты. Профессионал спортчу болбогондуктан Жогорку лигада ийгиликке жетишүү кыйын болорун сездик. Анан кеңешип, алыбызга жараша экинчи тепкичте турган Биринчи лиганы тандадык. Алдыбызда кыйынчылыктар күтүп турганын сезсек да күчүбүздү сынап көрөлү деп макулдугубузду бердик.

© Фото / Азамат АлымкуловКоманданын оюнчулары кесипкөй спортчулар эмес. Алар ар кыл тармакта эмгектенген жаштар
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук - Sputnik Кыргызстан
Команданын оюнчулары кесипкөй спортчулар эмес. Алар ар кыл тармакта эмгектенген жаштар

— Азыркы учурда командада канча оюнчу бар?

— Мүчөлөрдүн санын так айтуу кыйын. Себеби "Номад" командасы менен бирге ушул эле атты алып жүргөн кыймыл да бар. Кыймыл баскетбол менен эле чектелип калбастан, ар тараптуу иш-чараларды да өткөрүп турат. Ал эми чемпионатка болсо 20дай оюнчу тандалды. Жалгыз эле Ош облусунан эмес, Жалал-Абаддан да мыкты оюнчуларды чакырдык. Ошондой эле эки кытайлык кыргыз баскетболчу бар.

Командабызда ар кайсы тармактарда иштеген адамдар бар. Мен жеке өзүм эл аралык уюмдарда иштейм. Аны менен бирге эле Ош шаарында ачылган футбол академиясына социалдык тармак боюнча жардам берем. Арабызда жеке ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер да бар.

— Машыгуу шарттары кандай?

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: балдакты таштадым, үйгө баратам
— Негизи спорттун бардык эле түрүндө канчалык көп машыксаң, талантка карабай эле ийгиликке жетише аласың. Бирок бизде шарттар чындыгында эле аябай начар. Башка өлкөлөргө салыштыра турган болсок, аларда баскетбол клубдары бүт тараптан камсыздалып турат да. Бизде, тилекке каршы, андай эмес. Баарын өз аракетибиз менен жүргүзөбүз. Өткөн жылы бир аз жеңилдик бар эле. Себеби "Газпром" куруп берген спорт комплексинде машыкчубуз. Кийин негедир белгисиз себептерден улам чыгарып коюшту. Азыр шаардагы мектептердин биринде жумасына үч жолу — түнкү саат 10дон 12ге чейин машыгабыз. Себеби баарыбыз иштегендиктен, кечкисин гана убакыт табылат.

— Демек баскетбол ойноо менен каражат табуу мүмкүн эмес экен да?

— Каражат маселеси Кыргызстандагы спорттун бардык түрүнө таандык кейиштүү маселе. Мисалы, мен өзүм футбол тармагында да иштейм. Ал жакта деле маяна көп эмес. Биз бардык нерсени өзүбүз көтөргөндүктөн, айлык акы тууралуу сөз деле болбойт. Жада калса топторду өзүбүз сатып алып, формаларды да өз каражатыбызга тиктиребиз. Кээ бир учурда гана демөөрчүлөр пайда болуп калат.

© Фото / Азамат АлымкуловАзамат Алымкулов: жумасына үч жолу — түнкү саат 10дон 12ге чейин машыгабыз. Анткени баарыбыз иштегендиктен, кечкисин гана убакыт табылат.
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук - Sputnik Кыргызстан
Азамат Алымкулов: жумасына үч жолу — түнкү саат 10дон 12ге чейин машыгабыз. Анткени баарыбыз иштегендиктен, кечкисин гана убакыт табылат.

— Жогорку деңгээлдеги өлкө чемпионатында чемпион болгондон кийин мамиле бир аз өзгөрөт деп ойлойсузбу?

— Мындай жакшы тилектер бар. Азыр кийинки сезондон баштап Ош шаарынын мэриясы жардам бергени жатат деп угуп жатабыз. Бирок бир нерсе айтуу кыйын. Ошондой эле жакында волейбол боюнча командабыз түптөлдү. Андыктан бир аз каражат бөлүнсө, аябай жакшы болмок. Эми бул ойлор ишке ашпаса деле биз үчүн өтө коркунучтуу эмес, каражатты өз алдыбызча таба беребиз. Бирок арабызда жаштар, кийинки муун бар дегендей. Акчанын жетишсиздигинен улам спорттон көңүлү сууп калбашы керек. Андыктан, баскетболду өнүктүрөбүз десек, жардам көрсөтүлсө сонун болмок.

— Чемпионаттагы оюндардын баарынын Бишкекте өтүшү аймактардагы командалар үчүн кыйынчылык жаратса керек?

— Чынында бизге окшогон командалар үчүн бул кошумча түйшүк. Ар оюн сайын Бишкекке барууга, кала турган жерге, тамак-ашка көп каражат кетет. Ага кошумча турнир убагында күндө ойногонго туура келип жатты. Өзүбүз автобус менен узак жол жүрүп барабыз. Андыктан, бул маселе да туура жагына чечилип, баарыбызга ыңгайлуу шарт түзүлүп берилсе жакшы болот эле.

© Фото / Азамат Алымкулов"Номад" клубун эч ким каржылабайт. Оюнчулар өз каражаттары менен түрдүү мелдештерге катышып келет
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук - Sputnik Кыргызстан
"Номад" клубун эч ким каржылабайт. Оюнчулар өз каражаттары менен түрдүү мелдештерге катышып келет

— Алгачкы сезонду жалпылап жыйынтыктап кетсеңиз?

— Кино тартса боло тургандай өтө укмуш сезон болду. Аябай толкундандык. Өзүбүз жаңы түзүлсөк, анан алгачкы сезонубузда эле жакшы көрсөткүчтөргө жетишүү ойлобогон нерсе эле. Башында көп эле кыйынчылыктар болду. Кадимкидей "ушунун эмне кереги бар, катышпай эле коёлу" деп да кеттик. Бирок Биринчи лигада көптөн бери ойноп жаткан командалар менен теңтайлаша ойноп, аягында жеңүүчү аталуу мыкты сезимдерди таруулады.

— Эсиңизде эң көп калган оюн кайсы болду?

Camel Fest фестивалынын катшуучучу Улукбек Өмүрбеков - Sputnik Кыргызстан
Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
— Кызыктуу оюндар көп эле болду. Бирок финалдын орду өзгөчө турат. Чечүүчү этапта өткөн сезондун чемпиону болгон "Политех 2" командасы менен беттештик. Бул чындыгында эле күчтүү клуб. Биз аларга тайпалык оюнда 20 упай айырма менен жеңилген болчубуз. Өзүңүздөр билгендей, финалдык оюн эки жеңишке чейин болот. Биз алгачкы оюнда жеңилип калдык. Маанайыбыз аябай чөктү. Кийинки оюнга кайрадан Бишкекке барбай деле койсокпу деп да ойлодук. Бирок намыстанып ушунча келгенден кийин аягына чейин чыгалы деп чечтик. Экинчи оюнда үчүнчү чейрекке чейин (баскетбол төрт чейректен турат — ред.) утулуп жатканбыз. Төртүнчү чейректе бар күчүбүздү топтоп жеңишке жетиштик. Оюн теңелип, ишеним пайда болду. Анан акыркы чечүүчү оюнду да жеңип чемпион аталдык.

— Машыктыруучуңуз тууралуу айта кетсеңиз?

— Бул да өтө кызыктуу нерсе. Элестетсеңиз, жалпы Ош шаары боюнча эки эле машыктыруучу бар. Бирөөсү мектептердеги окуучуларды, экинчиси жогорку окуу жайдагы студенттерди тарбиялайт. Мектептерди караган тренерибиз биздин аксакалыбыз, көбүбүздү тарбиялаган киши. Ал эми университетте иштеген Руслан Мажитов биздин досубуз да, машыктыруучубуз да.

© Фото / Азамат АлымкуловАталган команданын оюнчулары өлкөдө баскетбол оюнунун деңгээлин көтөрүүгө кызыкдар
Баскетболчу Алымкулов: кинодогудай эле жеңүүчү болдук - Sputnik Кыргызстан
Аталган команданын оюнчулары өлкөдө баскетбол оюнунун деңгээлин көтөрүүгө кызыкдар

— Жогорку лигада ойноону пландап жатасыздарбы?

— Негизи Жогорку лигада ойномокпуз. Регламент боюнча да Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү бир тепкич жогоруга көтөрүлөт. Бирок мунун баары эле каражатка барып такалат. Азырынча талкуулай элекпиз.

Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду
Баскетбол мурда өлкөбүздө аябай популярдуу болчу. Азыр кайрадан ошол деңгээлге көтөрсөк дейбиз. Көчөдө баскетбол ойногондорду көп жолуктурбаганыбыз менен эл арасында кызыгуу бар экендиги байкалат. Мисалы, мелдеш өткөрүп калсак, эл жайнап келет. Ош шаарында биз өткөргөн эл аралык деңгээлдеги стрит-бол (үч адам менен ойнолчу көчө баскетболу) турнирине 46 команда катышты. Андыктан өзүбүз ойноо менен бирге айрыкча жаштарга дем бере турган, алардын кызыгуусун арттыра турган иш-чараларды ойлоп табалы деп жатабыз. Өкмөт жардам берсе жакшы болмок, бирок арыз-арманыбызды айта бербей, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша оюнду өнүктүрүүгө аракет кыла бермекчибиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0