Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү республиканын айрым аймактарында кыска убакытка жаан жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. 28-март, жума күнү, республиканын айрым аймактарында кыска убакытка жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Таласта +18...+21, Нарын жана Ысык-Көл облустарында +10...+15, ал эми Жалал-Абад жергесинде +19...+21, Ош жана Баткен аймактарында +16...+21 градус жылуу болушу болжолдонду.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Ошто +19...+21, борбор калаада +18...+20 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0