Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чынара Эсенгул: идеологиябыз маданиятыбыздагы баалуулуктар болуусу зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековИайдо федерациясынын түзүүчүсү, 5-дандагы чебер Чынара Эсенгул. Архив
Иайдо федерациясынын түзүүчүсү, 5-дандагы чебер Чынара Эсенгул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иайдо федерациясынын түзүүчүсү, 5-дандагы чебер Чынара Эсенгул кыргыздардын жоокерлик искусствосу бир гана согушканга эмес, этикага да үйрөткөнүн айтты.
Чынара Эсенгул: идеологиябыз маданиятыбыздагы баалуулуктар болуусу зарыл

Илгерки кыргыздар көчмөн болгондуктан аскер эрежелери кагаз бетине түшүрүлүп сакталып калган эмес. Эми аларды тарыхый булактардан сүрүштүрүп, улуттук маданиятка кошуу зарыл. Бул тууралуу Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде "Маданият төңкөрүшү" долбоору тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданиятыбыздын түпкүрүндө жаткан баалуулуктарыбызды ачыктап түшүнүп, идеология катары кабыл алуу зарыл.

"Япондордун иайдо спорту маданиятты, улуттук баалуулуктарды, аң-сезимди жана адамдын күч-кубатын айкалыштырып, жалпы элдин потенциалын өнүктүрүүнү көздйт. Ал коомчулуктун өзүнө болгон ишенимин арттырууну негизги максат катары көрөт. Иайдо жөө согуш өнөрү катары сакталып калганы менен түпкүрүндө ат үстүндөгү кылыч өнөрү болгон. Ал элементтери япон тарыхында сакталбай калган. Мына ушундай эле жоокер өнөрлөрү кыргыздарда да кенен өнүккөн. Тилекке каршы, ата-бабабыз көчмөн калк болгондуктан, жазуу түрүндө маалыматтар жокко эсе. Кыргыздардын жоокер өнөрлөрү бир эле душмандан коргонууга эмес, терең этикага да үйрөткөн. Адамдык аң-сезим башкы орунда турган. Мекенге, достукка болгон бекемдик, сүйүү, өзүнөн алсызды коргоо сыяктуу эрежелер милдет катары кабылданган. Биз эми бул нерселердин маанисин түшүнүп, кабыл алып, өркүндөтүүбүз зарыл", — деди спортчу.

Ошондой эле ал бул багытта учурда окумуштуулар да ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзө башташкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0