Окуя 18-март күнү Кытайдын Сишуанбаньна-Дай автономдуу округунда болгон. Автобустун салонуна орнотулган видеокамерадан айдоочу калтырап-титиреп, унааны айдоого чама-чаркы келбей калганын көрүүгө болот.
Автобустун ичинде 19 жүргүнчүнүн баратканы айтылды. Чуру-чуу түшкөн элдин өмүрүн ордунан тура калып, унааны токтото алган жигит сактап калган.