Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. 27-март, шаршемби күнү, тоолуу аймактарда кыска убакытка жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, күндүн табы Чүй жана Талас жергесинде +15...+20 градуска, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16... +21 градуска көтөрүлүшү күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +17... +22, борбор калаада +16... +21 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0