Баткен — Исфана — Баткен багыты боюнча учак каттай баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМеждународный аэропорт имени Нурсултана Назарбаева в Астане
Международный аэропорт имени Нурсултана Назарбаева в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Баткенде абал туруктуу экени айтылууда.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам Баткен — Исфана — Баткен багыты боюнча учак каттатуу чечими кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Авиакаттам 15-март күнү саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөттү түзөт.

4 жашка чейинки балдар акысыз ташылат. Ал эми 12 жашка чейинкилер үчүн билет баасы 500 сом, чоңдорго 1000 сом деп белгиленген.

"Мындан тышкары, Бишкек — Исфана — Бишкек авикаттамы боюнча самолет жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учуп турмай болду", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда өкмөт тарабынан аталган багыт боюнча авиакаттамды дүйшөмбү жана жума күндөрү уюштуруу маселеси каралууда.

Аталган авиакаттамдарды "Тез Жет" авиакомпаниясы ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0