Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
14-мартта республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 14-март, бейшембиде, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температусаы Чүй облусунда +12...+17, Таласта +14...+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10, Нарын жергесинде +2...+4 градус жылуу болору айтылды. Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облсутарында күндүн табы +13...+18 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Ош шаарында +16...+18, борбор калаада +15...+17 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0