БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко социалдык тармакта Пхукеттин (Таиланд) пляжында эс алып жүргөн сүрөтүн жарыялады.
Instagram баракчасына кыргызстандык мушкер эс алуусун эжеси Антонина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов менен өткөрүп жатканын жазган. Белгилей кетсек, Антонина Санкт-Петербург шаарында өтө турган UFC беттешине даярдык көрүп жатат.
Валентина да машыгуусун унутта калтырган жок.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал секирип туруп узаткан соккусунун сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Комментарийлерде спортчуну супервумен, сулуу аташууда. Акыркы сүрөтүнө — "Супермен панч" (Супермендин соккусу) деген аталыш беришкен.