Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоодо лыжа тээп жаткан адам. Архив
Тоодо лыжа тээп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 23-февралда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Таласта +6…+8 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көлдө +2…+4 жылуу, Нарын жергесинде -5…-7 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +5…+7, Бишкекте +6…+8 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0