БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жаачылар Бангладештеги эл аралык мелдеште ат салышат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ислам тилектештик уюмунун эл аралык чемпионаты 22-февралдан 27-февралга чейин Дакка шаарында өтөт. Ага өлкө атынан жаа атуу боюнча Асел Шарбекова, Улугбек Курсаналиев, Канатбек кызы Диана жана Айтурган Маматкулова катышмакчы.
Кошумчалай кетсек, аталган спорттук иш-чарага өткөн жылы атамекендик спортчулар катышып, эки коло медаль тагынып кайтышкан.