БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Сокулук районунда жакын таанышын өлтүрүп салды деп шектелген 45 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 19-февраль күнү 12.50дө Комсомол айылында адамга кол салуу болду деген маалымат түшкөн. Жерине барган ыкчам иликтөө тобу айылдагы үйлөрдүн биринен кансырап жаткан кишини табышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү менен 50 жаштагы таанышы арак ичип отуруп, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Аягында шектүү бөтөлкөлөшүнө бычак сайып жибергени айтылат. Аны таап алган туугандары милиция менен Тез жардам чакырышкан, бирок жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумду.
Милиция изи сууй электе шектүү жаранды колго түшүрдү. Ал мурда баңгизат сатуу боюнча соттолуп, жазасын өтөп чыкканына бир гана ай болгон.