Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнөөсүн мойнуна алган кишини райондук сот өмүр бою эркинен ажыратса, андан жогору турган инстанция өкүмдү өзгөртүп, кылмышкер темир тор артында 14 гана жыл отурат деген чечим чыгарган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктаган кылмышкердин жазасы жаңы мыйзамга, тагыраагы, Жаза кодексиндеги гуманизмге басым жасалган жагдайдан улам жеңилдетилди. Бул туурасында Ысык-Көл облустук сотунун маалымат катчысы Гүлзада Ашырбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине комментарий берип жатып айтты.

Эске салсак, өткөн жылдын 25-мартында 53 жаштагы киши өспүрүм кызды Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух-Ордо" комплексинин жанындагы "Суу канал" ишканасынын насостук станциясына алып барып зордуктаган.

Атыш керек, Не деген шумдук. Депутаттар педофилдерге жеңилдетилген жаза боюнча - Sputnik Кыргызстан
"Атыш керек", "Не деген шумдук". Депутаттар педофилдерге жеңилдетилген жаза боюнча
Ысык-Көл райондук соту 2018-жылдын 28-июнунда зордукчуну Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Жарым жылдан кийин Ысык-Көл облустук соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүп, КРдин жаңы мыйзамынын, тагыраагы, Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү боюнча 14 (он төрт) жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн чыгарган. Ошентип кызды зордуктаган кишинин жазасы гумандуулукка сугарылган делген жаңы мыйзамдын негизинде жеңилдетилген.

"2018-жылдын 26-мартынан баштап 2018-жылдын 31-декабры күнү кошулуп алдын ала камактагы ар бир күнү эки күнгө, ал эми 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-январы кошулуп ар бир күнү бир күнгө барабар деп эсептелинсин. Бөгөт коюу чарасы мыйзамдуу күчүнө  киргендиктен алынып салынсын", — деп белгиленген документте.

Эмне үчүн облустук сот катаал жазаны жеңилдетти деген суроого аталган тараптын маалымат катчысы бир нече себептерди атады.

"Азыркы мыйзамдын талабына ылайык гуманизмге басым жасалып жатпайбы. Соттолуучунун аракетинде оордотуучу жагдайлар табылган жок. Жабырлануучу менен психикалык жактан жабыркадыбы же жокпу деген иштер алып барылган. Психолог-эксперттер чакырылып, психиатрия жаатында иштеген адистердин корутундусу чыгарылып, анын психикасына доо кеткен эмес деп айтылган", — деди Ашырбаева.

Маалымат катчы соттук коллегия бул жерде бир нече учурларды да карагандыгын кошумчалады. Аларга кылмышкердин мурда сот жообуна тартылбагандыгы, күнөөсүн мойнуна алгандыгы кириптир.

"Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмүнүн санкциясы боюнча 12,5 жылдан 15 жылга чейин же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган. Соттук коллегия соттолуучунун өздүгүн, жашын, мурда сот жообуна тартылбаганын, күнөөсүн мойнуна алгандыгын жеңилдетүүчү жагдай катары эсептеп, соттолуучуга карата белгиленген жазаны төмөндөтүүгө мүмкүн деген бүтүмгө келген. Ошондуктан Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылган өкүм өзгөртүлүп, ал эми апелляциялык даттануулар жарым-жартылай канааттандырылган", — деди Ашырбаева.

Жогорку соттун сайтындагы сот актылары жана отурумдары боюнча маалыматта Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулары жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында төрагалык кылган О.А.М., ал эми судьялар: С.У.Ж., К.Г.И. деп жазылып турат.

Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордукчунун бетин ит жеп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган окуя
Алар Ысык-Көл облустук сотуна 2016-жылдын июнь айында дайындалган Анара Өмүралиева жана Гүлбара Кудабаева, алардан тышкары Уланбек Суранчиев аттуу судьялар экени маалым болду.

Фемида өкүлдөрүнүн өздөрүнөн жазанын жеңилдетилиши боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Облустук соттун маалымат катчысы Ашырбаева мыйзам талабына ылайык сот актыларына судьялар комментарий бербей тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, жаңы мыйзамдарга ылайык, жабырлануучу тарап кассациялык тартипте бир жылдын ичинде Жогорку Сотко даттана алат. Ашырбаева соттолуучунун абалын оордотуучу негиздер боюнча бир жылдык мөөнөттө кайра кароого жол берилерин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан буга чейин жаңы кодекстерде, алардын ичинен Жазык кодексиндеги балдарды зордуктоо боюнча жазанын суроо жараткан жагдайы туурасында материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0