БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. 2-февралда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл жана Нарын аймагын ала булут каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Таласта +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көлдө —4…+1, Нарын жергесинде —9…-14 градус суук болот.
Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +3…+5, Бишкекте +2…+4 градуска жетет.