БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандан колго жасалган баалуу металлдарды — алтын саат менен чынжырды алып чыгып кетүүгө аракет жасаган кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстандын жараны 31-январь күнү Бишкек — Дели (Индия) багыты боюнча учканы жатканда кармалган. Баалуу таштардын салмагы 792,85 граммды түзгөн.
Саат менен чынжырча алынып, материалдар Финполго өткөрүлдү.