Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы эмен багы. Архив
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +3…+8 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көлдө +1…+6 градус жылуу, Нарын аймагында —3…-8 градус суук болору болжолдонду.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы +6…+8 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0