БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ленинградды фашисттердин курчоосунан бошоткон учур 900 күндүк курчоодо калган адамдардын Жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготконун айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жээнбеков 27-январда белгилене турчу, Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошотуу күнүнө карата кайрылуу жасаган.
"Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күн 900 күндүк курчоодо калган адамдардын Жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон", — деп айтылган кайрылууда.
"Биздин ата-бабаларыбыздын Улуу Ата Мекендик согуштагы кайталангыс эрдиктери жана ооруктагы энелерибиздин каармандыгы, бийик адамгерчилиги урпактардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат жана жаштарыбыз үчүн үлгү болуп кала берет! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакты-таалай, кажыбас кайрат, ачык асман, бейпил жашоо каалайм!" — деген президент.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.