Аянттагы эл сүйлөп жаткан Абылгазиевден стадион талап кылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЦеремония чествования национальной сборной КР по футболу на площади "Ала-Тоо"
Церемония чествования национальной сборной КР по футболу на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы стадиондун эскилиги жеткендиктен, жаңысын куруу боюнча маселе көптөн бери талкууланып келет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Азия кубогунан кайтып келген футбол боюнча курама команда менен күйөрмандардын "Ала-Тоо" аянтындагы жолугушуусунда сүйлөп жатканда эл "стадион" деп кыйкырды.

"Менимче стадион маселеси чечилет. Президент менен сүйлөштүм. Менимче, жакында жаңы стадион куруу боюнча чечим чыгат", — деди Абылгазиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Футбол мыктылары президент Жээнбековдон кандай сыйлык алышты. Тизме
Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.

Борбор калаадагы стадиондун эскилиги жеткендиктен, жаңысын куруу боюнча маселе көптөн бери талкууланып келет.

Жаңы стадион тууралуу президент Жээнбеков бүгүн, 24-январда, улуттук курама команданын курамын кабыл алганда да айткан

Жаңылыктар түрмөгү
0