БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ош облусунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү саат 15:15те болгон.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында үч баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.