00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чачымды кырдырам! Кыргызстан футболчуларын сүрөгөн соцтармактагы күйөрмандар

Жазылуу
Оюн Кыргызстандын убактысы менен саат 23:00дө башталат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бир нече сааттан кийин Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин футбол боюнча курама командалары беттешет.

Мындан бир нече күн мурда филиппиндиктерди 3:1 эсебинде жеңип, кыргыз футболчулары тайпадан татыктуу чыгып, 1/8 финалга жолдомо алган. Эми Кыргызстанды алдыда талаа ээси БАЭ менен боло турган оюн күтүүдө.

Оюн Кыргызстандын убактысы менен саат 23:00дө башталат.

Интернет айдыңында оюнга бир нече саат калганда толкунданган посттор арбып, кээ бирлери тамаша менен коштолду. Анткен менен кыргызстандыктардын жеңиштен үмүт кылып турган учуру.

Алардын арасында Кыргызстан бүгүн утса, чачымды "лысый" кылып кырып таштаганга даярмын деген мекендештер чыкты.

"Кыргызстан бүгүн утса чачымды "лыссый" кылып кырып таштаганга даярмын! Дагы ким эмнеге даяр?" — деп жазган Кылыч Шанаев аттуу колдонуучу.

Тексттин алдына аны колдогон комментарийлер пайда болду.

Солтобек Эркин аттуу колдонуучу эмне деп ураан салабыз деп интернеттегилерге собол таштады.

"Ак-Шумкарларга кайсы чакырыкты (кричалка) колдонуп атасыңар? Биз да үйдөн кыйкырып туралы!" — деп жазган.

Кыргызстан спортчуларынын арабдардын талаасындагы жүрөк толкуткан оюнун жигиттер гана эмес, кыз-келиндер да чыдамсыздык менен күтүп жатканын байкоого болот.

Дагы бир мекендешибиз Асыл Аппасова башкаларды да бул беттешти көрүүгө чакырды.

"Ак шумкарларды колдойм! Алга Кыргызстан! Биз силер менен! Футбол көрөбүз достор!" — деп жазган ал.

Кыргызстандын журналисттер журту кыргызстандык спортчуларды руханий жактан колдоо үчүн, дем берүү максатында Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрына барып, чогуу көрө турган болушту. Бул туурасында журналист Жакшылык Бердибек уулу өзүнүн баракчасына жазды

"Урматтуу Кыргызстандыктар, бүгүн бизге жараткан ийгилик ыроолосун! Журналисттер Кыргызстан футбол курама командасына дух берели деп "Манас" кинотеатрында чогулуп жатабыз. Алга, АКШУМКАРЛАР! Кыргызстанга жакшы маанай, жеңиш, майрам тартуулагыла!!!" — деген чакырык таштаган ал.

Ал эми дагы бир журналист Жылдызбек Керимбаев түйүнчөгүн түйүп алып, Бириккен Араб Эмирлигине барып, стадиондо күйөрмандык кылуу үчүн жөнөп кеткендигин байкоого болот.

Ал оюнга даяр экендигин жазган.

Эгер Кыргызстан чейрек финалга өтүп кетсе, Австралия — Өзбекстан беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0