БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Балдардын психикасына аяр мамиле жасап, аларга күч колдонбош керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине психолог Ильдар Акбутин билдирди.
Анын айтымында, азыркы заманбап клиникаларда балдар менен тил табыша алган, алардын коркуу сезимин баcаңдатууга жардам берген адистер бар.
"Стоматологго алгачкы жолу баруу жөн эле таанышуу же чогуу ойноо болушу мүмкүн. Тажрыйбалуу дарыгер тишти колдон келишинче тез жана оорутпай дарылап, анын психологиясына аяр мамиле жасайт. Бала менен тил табышууга аракет кылып, ага күч колдонуудан алыс болот", — деди Акбутин.
Адистин пикиринде, ошондо гана бала туура жыйынтык чыгарып, коркуу сезиминен арылат.
Акбутин билдиргендей, ата-эне эч качан балдарын "дарыгерге алып барам" деп коркутпашы керек.
Ал ошондой эле бала ага дарыгердин жардамы керек экенин өзү сезиши керектигин белгиледи. Бул үчүн баланын тиши ооруганда ага стоматолог гана жардам бере аларын түшүндүрүү зарыл.