БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Чек араны демаркациялоо боюнча келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган. Ал эми мыйзам 2018-жылдын 6-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлигине жогоруда аталган келишимдин күчүнө кириши үчүн ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо тапшырмасы берилди.
Чек аранын линиясы 1257,07 чакырымды түзөт.