БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти бүгүнтөн тарта тесттик режимде WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber каналдарын иштете баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Байланыш номери: +996 (551) 312-000.
Долбоордун негизги максаты — чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргызстандык жарандарын укугун коргоо максатында тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөрдү кабыл алуу. Ошондой эле Кыргызстандын башка мамлекеттердеги мекемелеринин ишмердиги тууралуу пикирлерди кабыл алат.