Апта ирмеми: замбирек аткан Путинден пляждагы кыздарга чейин
Апта ирмеми: замбирек аткан Путинден пляждагы кыздарга чейин
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада дүйнөдө жана Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт. 14.01.2019, Sputnik Кыргызстан
Перуда жыл сайын өтчү "Дакар" ралли-марафону болсо, Каракаста (Венесуэла) экинчи мөөнөткө шайланган президент Николас Мадуронун инаугурациясы болуп өттү.
Кыргызстандын фтубол боюнча курама командасынын Кореяга 0:1 эсебинде утулганына карабастан Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат.
РФ президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдун Петропавлов чебин кыдырып жүрүп, салтка айланып калгандай замбиректен ок атты.
Венесуэла президенти Николас Мадуронун инаугурациясы. Ал өлкөдөгү экономикалык жана саясий каатчылыктын фонунда экинчи мөөнөткө шайланып келди. Америкалык мамлекеттердин уюму жана АКШ Мадуронун экинчи мөөнөткө шайланып келишин тааныбай турганын жар салышты.
11-январь күнү Аль-Айн (БАЭ) шаарында Азия кубогунун тайпалык этабынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түштүк Кореянын оюнчулары менен беттешти. Атаандаштардын утуп алганына карабастан (1:0) Кыргызстан плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ким Чен Ын 7-10-январь күндөрү Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайда болду. Бул түндүккореялык лидердин бир жылга жетпеген убакытта аталган өлкөгө төртүнчү ирет барышы.