Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
5-январда борбор калаада кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. 5-январь, ишембиде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн бүркөлүп, айрым аймактарда карга айланган жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл аймактарында 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болсо, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 0…+5 градус жылуу, ал эми Нарында —10…-15 градус суук болору айтылды.

Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +3…+5 градус жылуу, Бишкекте кар жаап, абанын температурасы —1…+1 градуска чейин жетери болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0