Жаңы жылдын түнүндө канча өрт чыкканы айтылды

Жазылуу
Быйылкы жаңы жылда пиротехникадан өрт чыккан эмес.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын түнүндө (31-декабрдан 1-январга караган мезгилде) Кыргызстанда 20 жолу өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт чыккан аймактар:

— Бишкек — 4 өрт;

— Ош — 2;

— Баткен облусу — 2;

— Ысык-Көл дубаны — 2;

— Нарын облусу — 1;

— Ош облусу — 1;

— Чүй дубаны — 5;

— Жалал-Абад аймагы — 2;

— Талас облусу — 1.

ӨКМден пиротехникадан өрт чыккан фактылар катталбагандыгын айтышты. Ведомстводон өткөн жылдын 1-январында 39 өрт чыкса, алардын бешөөнө аталган каражаттар себеп болгон.

ӨКМ эс алуу күндөрү бүткөнчө күчөтүлгөн тартипте иштерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0