Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүКыш. Архив
Кыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-январда республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 4-январь, жума күнү, өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +3… +8 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө —8… —13 градуска чейин суук болору айтылды.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто күндүн табы +6… +8, борбор калаада +3…+5 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0