00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
13:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Лазер в медицине: уролог о мифах, рисках и реальных плюсах современных процедур
14:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мөмөлүү бактарга күзүндө-кышында кандай кам көрүү керек?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Самые интересные туристические места Кыргызстана – куда поехать зимой и что взять с собой в горы
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
2026-жыл: жаңы жылды кандай кийим менен тосуу ийгилик алып келет?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Туяк
Миграция в ЕАЭС: итоги 2025 года, новые правила и социальные гарантии
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кичинесинен билимге жакын,турмушка тетик Бектемир Мурзубраимов
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мөмөлүү бактарга күзүндө-кышында кандай кам көрүү керек?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Француздар багып алган кыргыз баланын агасы Акылбек: иним апама окшош экен

Жазылуу
Акылбектин документи жок болгондуктан "Жди меня" көрсөтүүсүнө бара албай калган. Бирок инисин бооруна кысып, жолуга турган күн алыс эмес экенине ишенип турган чагы. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен байланышып бир тууганын тапкандан кийин жан дүйнөсүндөгү сезимдерин билүүгө аракет кылды.

Жаңы жылдын алдында кыргызстандыктар бир жагынан жүрөк ооруткан, бир жагынан көңүлдү жай кылган окуяга күбө болушту. Францияда жашаган Кирилл Николя Морша 11 жылдан кийин "Жди меня" программасы аркылуу бир тууган агасын Кыргызстандан, туугандарын Россиядан тапкан. Аны апасы 2007-жылы Москвада төрөп, тилекке каршы, өзү каза болуп калган. Андан кийин ымыркай балдар үйүнө өткөрүлөт да, аны эки жашында франциялык аял Катрин Колетт Бубьян асырап алган.

Кириллдин бир тууган агасы Акылбек Тагаев Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жашайт. Анын тийиштүү документтери жоктугуна байланыштуу "Жди меня" программасына барып иниси менен жолуга албай калган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаев билдирди.

"Акылбекти программага чакырганда ата тарабын да, таежесин да чакырып сүйлөшсөк, баланын документтери жок экен. Анысы жакында бүтчүдөй эмес. Анан "Жди меня" көрсөтүүсүнүн редакторуна чалып Skype аркылуу байланышууга макулдаштык. Акылбекти кабинетиме алып келип, түнкү саат 2.00дө сүйлөштүрдүк. Тийиштүү кызматтарга тапшырма бергем, кагаздары чогулаары менен сотко өткөрөт. Сот мыйзамдуулугун карап, анан документ берүүнү чечет. Баары бүткөндөн кийин кырдаалга карап иниси менен жолуктурабыз", — деди Топчубаев.

Ошондой эле ал Акылбек келечекте ширетүүчү, электрик болууга кызыгарын белгилеп, окуусуна көмөктөшөрүн айтты.

Акылбек Тагаев учурда атасынын эжесинин үйүндө турат экен. Ал Кирилл инисин апасына окшоштурганын айтат.

До мурашек — слепая девушка потрогала лицо Путина и сказала, какой он. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк канайт... Көзү азиз кыздын Путин менен маектешкен видеосу
"Буга чейин иним бар экенин билчү эмесмин. Насип кылган экен, көрүшө алдык. Абдан кубанып, толкунданып, канат байлагандай болуп калдым. Эстүү, жакшы бала болуп чоңоюптур. Аны апама бир аз окшоштурдум. Өзүм да апамдын жанында болгон эмесмин, сүрөттөн эле көрчүмүн. Кудай буйруп иним менен жолуксам жакындан сүйлөшүп, сырдашып, көңүл ачып жүрсөк жакшы болот эле. Инимди көрүп сүйлөшүп жатканда баарыбыз бир болсок жакшы болбойт беле деп ойлодум. Тагдырыма өкүндүм", — деп бир саамга унчукпай калды.

Учурда ал айылындагы мектепте 9-класста окуйт. Инисин бооруна кысып, жолуга турган күн алыс эмес экенине ишенип турган чагы.

"Мектепте Франция тууралуу окучубуз, бирок ал жактан бир тууганым табылат деп ойлогон эмесмин. Эми иним менен сүйлөшүш үчүн француз тилин да үйрөнсөм дейм. Алар чакырса, шаардын мэри жана туугандарыбыз Францияга жөнөтөбүз деп жатышат", — деди толкунданган Акылбек.

Туугандарынын айтымында, Акылбек төрөлгөндөн кийин көп өтпөй ата-энеси ажырашып кеткен. Караван айылында атасынын жана таежесинин колунда чоңойгон. Атасы 2016-жылы өзүнүн айылы жакта сууга чөгүп кетип 46 жашында каза болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0