БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң эртеден баштап күчөтүлгөн тартипте иштейт.
Жалпысынан таштандыларды тазалоого 60 кызматкер жана 7 атайын техника тартылат.
"Аянттын айланасына урналар коюлуп, кошумча 40 чоң желим урна менен евростандартындагы 10 контейнер орнотулат", — деп айтылат маалыматта.
"Тазалыктын" кызматкерлери шаардын киши көп топтолгон аймактарын тазалайт.
Учурда "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү иштери улантылууда.