Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
31-декабрда өлкө аймагында күн ачык болот.

БИШКЕК, 30-декабрь — Sputnik. 31-декабрь, дүйшөмбүдө, күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн айрым аймактарда кыска убакытка кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1…+6, Талас жана Ысык-Көл жергесинде 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7 градуска чейин жылуу болсо, Нарында —8…-13 градус суук болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто күндүн табы +5…+7, Бишкекте +4…+6 градуска көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0