Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-дек — Sputnik. 29-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө +8…+13 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында +9…+14, Баткенде +8…+13, Ысык-Көл аймагында +3…+8 градус жылуу, Нарын жергесинде —2…-7 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +11…+13, Ошто +6…+11 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0