Көздөрү кубанычтан жайнаган балдар. Башкы балатыдан тартылган сүрөттөр

Жазылуу
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР президентинин балатысы өттү.

Майрамдык иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык бала чакырылган

Новогодняя елка мэра столицы - Sputnik Кыргызстан
Балага жаңы жылдык белекти кантип тандоо керек? Адистин кеңеши
Президенттик балатыга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен катышты.

Балдарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эне окуясы театрлаштырылып тартууланды. Андан сырткары, балдардын маанайын эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Айым Айылчиева көтөрдү. Жаңы жылдын башкы каарманы болгон Аяз ата менен Аяз кыз дагы балдарды майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырды.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бардык балдарды Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктады.

"Жараткан жаштын тилегин берет дейт. Силердин да тилеген ой-максаттарыңар бар. Кыргызстандагы бардык балдардын тилегин Кудайым колдоп, ошонун баары орундалсын. Кудайым чың ден соолук, узун өмүр берсин. Жакындарыңар менен аман-эсен болгула. Келечекте Кыргыз мамлекетинин алдыңкы жаштарынан болгула. Мекенди чындап сүйгөн патриот уул-кыздардан болгула", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле "кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдой эл-журтка кызмат кылган, элди, жерди ааламга тааныткан улуу инсандардан болгула" деген тилегин билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык балатыга жубайы Айгүл Токоева менен келди
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/14
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык балатыга жубайы Айгүл Токоева менен келди
© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык концерттин көркүн каскадерлор дагы чыгарды
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/14
Майрамдык концерттин көркүн каскадерлор дагы чыгарды
© Sputnik / Табылды КадырбековТал чыбыктай ийилген кыздар чимириле бийлеп, балдардын маанайын көтөрдү
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/14
Тал чыбыктай ийилген кыздар чимириле бийлеп, балдардын маанайын көтөрдү
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жылдык балатыда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эненин окуясы сахналаштырылган
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/14
Жаңы жылдык балатыда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эненин окуясы сахналаштырылган
© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Айдана Дека
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/14
Эстрада ырчысы Айдана Дека
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жылды Аяз ата менен Аяз кызсыз элестетүү кыйын
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/14
Жаңы жылды Аяз ата менен Аяз кызсыз элестетүү кыйын
© Sputnik / Табылды КадырбековСооронбай Жээнбеков жараткан жаштын тилегин берерин айтып, бардык балдардын тилеген ой-максаты орундалышын каалады
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/14
Сооронбай Жээнбеков жараткан жаштын тилегин берерин айтып, бардык балдардын тилеген ой-максаты орундалышын каалады
© Sputnik / Табылды КадырбековКР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Мурас" ырын аткарганда залда отурган балдар ордунан тура калып бийлешти
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/14
КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Мурас" ырын аткарганда залда отурган балдар ордунан тура калып бийлешти
© Sputnik / Табылды КадырбековАйым Айылчиева да өз ырын аткарып, балдардын маанайын көтөрдү
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/14
Айым Айылчиева да өз ырын аткарып, балдардын маанайын көтөрдү
© Sputnik / Табылды КадырбековБалаты менен Аяз атанын костюмун кийген балдар сахнада чимириле бийлешти
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/14
Балаты менен Аяз атанын костюмун кийген балдар сахнада чимириле бийлешти
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик балатыга Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык бала чакырылган
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/14
Президенттик балатыга Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык бала чакырылган
© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык иш-чара саат 11:00дө башталып, бир саатка созулду
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/14
Майрамдык иш-чара саат 11:00дө башталып, бир саатка созулду
© Sputnik / Табылды КадырбековБалатыга келген балдардын кубанычында чек жок
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/14
Балатыга келген балдардын кубанычында чек жок
© Sputnik / Табылды КадырбековСооронбай Жээнбеков алып баруучу болгон балдарга арнап белегин берип, бетинен сүйдү
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/14
Сооронбай Жээнбеков алып баруучу болгон балдарга арнап белегин берип, бетинен сүйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0