БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бүгүн, 26-декабрда, Кыргыз улуттук филармониясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Жаңы жылдык балаты өтүп жатат.
Өлкөнүн чар тарабынан келген миңден ашык балага Бугу эне окуясы сахналаштырылып көрсөтүлүүдө.

Кыргыз улуттук филармониясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Жаңы жылдык балаты өтүп жатат.

Өлкөнүн чар тарабынан келген миңден ашык балага Бугу эне окуясы сахналаштырылып көрсөтүлүүдө.
Мындан сырткары, иш-чарага Мирбек Атабеков баштаган эстрада ырчылары дагы катышып жатат.
Балдардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар.
