Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турдан адамдар. Архив
Аялдамада турдан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. 27-декабрда өлкө аймагында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас жергесинде 0…+5 градус болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу, Ысык-Көл аймагында —1…+4, Нарын жергесинде —6…-11 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы Бишкекте +3…+5, Ошто +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0