Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
26-декабрда республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 26-декабрь, шаршембиде, өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында —1…+4 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +3…+8, Ысык-Көлдө —2…+3 градуска чейин жылуу, ал эми Нарын аймагында —8… —13 градуска чейин суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ош шаарында +1… +6, Бишкекте +2… +4 градус жылуу болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0